Улуттук филармонияда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсыктын кесепетинен имараттын 5-кабатынын 200 чарчы метри күйүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. – Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, өрт саат 20:12де өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен имараттын 5-кабатынын 200 чарчы метри күйүп кеткен. 

ӨКМге өрт тууралуу маалымат саат 12:26да келип түшүп, жерине беш өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен. Натыйжада саат 14:00дө өрт чектөөгө алынган.