Филармониядан өрт чыкты. Видео

Өрттү өчүрүүгө беш унаа жөнөп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Филармониянын жогорку кабатынан кара түтүн чыгып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Өрт чыкканы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы дагы ырастады.

"Чүй проспектисинде жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, саат 12:26 да беш унаа жөнөтүлгөн", — деп маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери да иштеп жатат.