ЦУМда кишини өлтүрө сабады делген сатуучу камакка алынды

Окуя 28-августта "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. ЦУМда кишини сабап салды деген 25 жаштагы Б.у.Т. аттуу жаран ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалганын милициядан билдиришти.

Ага ылайык, Свердлов райондук милициясына 28-августта "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө эс-учун билбей жаткан киши тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге келгенде киши өлүп калган. Анын денесин кароо учурунда көгала тактар аныкталып, экспертизага жөнөтүлгөн.

ЦУМда каза болгон кишини сатуучу сабап салган учуру видеого түшүп калган
Ал эми маркум 1973-жылы туулган З.С. аттуу киши экени белгилүү болгон.

Сатуучунун кишини сабап жиберген учуру видеого түшүп калып, социалдык тармактарга тарап кеткен. 

Шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.