БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана беш бала бакча капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Бул максатта 112 миллион сом сарпталган.
10 мектептин чатыры алмаштырылып, үчөөнүн тамактануу жайлары жаңыланды. Ошондой эле көпчүлүк мектептерде канализация жана жылуулук системалары, иш-чаралар залдары оңдолду.
Булардан тышкары, №25 жана №44 мектептер 96,8 миллион сомго реконструкцияланды. Маалыматка караганда, 25-мектеп авариялык абалда болгон.
Учурда төрт мектеп жана 10 бала бакчаны ремонттоого 16,5 миллион сом бөлүндү.