БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкектеги Төрөкул Айтматов менен Сүйүмбаев көчөлөрү Лев Толстой көчөсүнө чейин узартылат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Учурда аталган көчөлөр темир жолго чейин жеткирилип, асфальт төшөлдү. Эми бул жолду Лев Толстой көчөсүнө чейин чыгаруу иштери "Бишкектин көчө тутумдарын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасына киргизилип, 2020-жылы бүтүрүү пландалган.