БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстан социал-демократтар партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан кабарлашты.
Мындай чечимди партиянын саясий кеңеши 29-августта өткөргөн жыйынында чыгарган.
Маалыматка караганда, Рыспаев партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы аракеттерди жасаган. Бирок чечимдин конкреттүү себеби айтылган жок.
Саясий кеңеш Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алуу кеңешин берди.