Трамп: Google, Twitter, Facebook өз колдонуучуларын алдап жатат

Буга чейин АКШ лидери Google компаниясын гана күнөөлөп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Google, Twitter жана Facebook IT-компаниялары өз колдонуучуларына шылуундук мамиле кылып жатат деп айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Менимче Google, Twitter жана Facebook компанияларынын позициялары жакшы болбой турат. Буларда көйгөй бар, сак болушу керек. Элди алдап жатышкандай", — деди Трамп.

Буга чейин АКШ лидери Google компаниясы ал тууралуу маалымттарды издегендерге жалаң терс жаңылыктарды чыгарып берерин айтып чыккан. Президенттин мындай дооматына Google ишканасы "биз эч кимге саясий ракурстан карап мамиле кылбайбыз" деп жооп берген.