Шишкебектин зыянын окумуштуулар изилдеп чыгышты

Изилдөөгө Кытайдын 341 730 жашоочусу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Оксфорд университетинин окумуштуулары көмүргө какталып бышырылган тамак адамдын жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтүп, эрте өлүмгө алып келерин аныкташты. Бул тууралуу EurekAlert порталында жарыяланган маалыматта айтылат.

Бул изилдөөгө Кытайдан 30 жаштан 79 жашка чейинки 341 730 ыктыярчы катышкан. Сурамжылоо учурунда алардан шишкебекти байма-бай жей турганыжана аны бышырууда кандай отун колдонору суралган.

Окумуштуулар ашыкча салмактын пайдасын айтып беришти
Жыйынтыктоочу сынамыкка шишкебекти жумасына жок дегенде көмүргө бир жолу бышырып жеп, жүрөк-кан тамыр оорулары менен оорубагандар тандалып алынган.

Жалпысынан алганда ыктыярчылардын 22,5 пайызы акыркы 30 жылдан бери тамак-аш бышырууда көмүрдү колдонушкан, 24,6 пайызы 10-29 жыл бою колдонуп келген болсо, 53 пайызы 10 жылдан бери пайдаланганын айтышкан.

Изилдөө учурунда 8304 катышуучу жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкан. Ал эми тамакты такай көмүргө бышырып жегендердин өлүп калуу кооптуулугу үч пайызга өскөн.

Окумуштуулар тамак-ашты газга же электр энергиясына бышыруу жүрөк-кан тамыр ооруларын кыйла эле төмөндөтөт деген жыйынтыкка келишти.