Радио

Имакеев: Көчмөндөр оюндарында көтөрүп жүрүп тамак сатууга тыюу салынат

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемиялогиялык көзөмөл департаментинин тамaк-аш коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Азамат Имакеев Көчмөндөр оюндары учурунда бардык тамак-аш дыкат текшерүүгө алынарын айтты.
Sputnik
Имакеев: Көчмөндөр оюндарында көтөрүп жүрүп тамак сатууга тыюу салынат

Көчмөндөр оюндары учурунда көтөрүп жүрүп тамак сатууга тыюу салынат. Ошондой эле каалаган жерге боз үй тигип алып көчмө ашкана уюштурууга да жол берилбейт. Бул тууралуу Азамат Имакеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, даяр тамак-аштын баары текшерилип, уруксат кагазы берилет.

"Биздин департамент даяр тамак-ашты, сууну, ажатканалардын абалын текшерүүдөн өткөрүп турат. Ошону менен катар эле мурдагы Көчмөндөр оюндарындай таштандыларды көрүнгөн жерге чыгарууга да тыюу салынат. Муну менен катар өзү каалаган жерге боз үй тигип, тамак сатып же көтөрүп жүрүп кандайдыр бир азыктарды сатууга да жол берилбейт", — деди Имакеев.

Ал жарандарды өздүк гигиенаны сактап жана даяр тамак сатып алып жегенде кылдат болууга чакырды.