Эгемендүүлүктү майрамдоого Атамбаев менен Отунбаева чакырылды

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева дагы катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 31-август күнү өлкөнүн эгемендүүлүгүн майрамдоо үчүн "Ала-Тоо" аянтында уюштурулчу иш-чарага экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев чакырылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал күнү президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендиктин 27 жылдыгына карата борбордук аянтта куттуктайт.

"Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле салтанатка Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.