Бишкектеги ЦУМда көз жумган киши эмнеден улам каза болушу мүмкүн

Азырынча экспертизалар дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө каза болгон кишинин денеси көгала болуп калганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ дүкөнгө соода кылуу үчүн келген киши эсин жоготуп, көз жумган. Ал 42 жашта болчу.

Милиция Кылмыш жаза кодексинин денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Эксперттер маркумдун денесиндеги көгалалар жаңы же эски экенин текшерет.