Дзюдодон алгачкы медаль! Артур Те Азия оюндарында коло алды

Балбан 66 килограмм салмакта күчүн сынаган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Артур Те Азия оюндарынан коло байгеге ээ болду. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында айтылат. 

Азиатские игры 2018. Дзюдо.Мужчины 66 кг. Награждение

Жөө күлүк Дарья Маслова Азиададан дагы бир медаль утту. Толкуткан сүрөттөр
Ушул тапта Азия оюндары Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарында өтүүдө. Дзюдо боюнча мелдештер 29-августтан 1-сентябрга чейин пландалган.

Оюндун алгачкы күнүндө үч кыргызстандык спортчу катышып, жалгыз Артур (66) коло алды. Ал 1/8 кармашта ирактык спортчуну жеңген, бирок чейрек финалда япониялык балбанга утулуп калып, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ал эми чечүүчү кармашта өзбекстандык Шахрам Ахадовду уткан.

Ушуну менен Азия оюндарындагы курама команданын медалы 18ге жетти. Анын экөө — алтын, алтоо — күмүш, ону — коло байге.