Министрлик мал чарба продукцияларын экспорттоо боюнча жаңы долбоор баштады

Долбоорго 55,4 миллион доллар жумшалары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба продукцияларын базарга жана экспортко чыгаруу боюнча жаңы долбоор баштады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Кыргызстандын Россиядагы эң өтүмдүү азыгы белгилүү болду
Долбоордун максаты — мал чарбасы бар ишкерге башынан баштап, анын товары сатып алуучуга жеткенге чейин финансылык көмөк көрсөтүү.

Ага жалпысынан 55,4 миллион доллар жумшалат. 25,4 миллионун Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фондусу, 20 миллионун финансылык кызматтарды көрсөткөн компаниялар, 8 миллионун бенефициарлар, калган 1,6 миллионун кыргыз өкмөтү бөлөт.

Маалыматка караганда, долбоор өзүнө айылдык 28 миң үй-бүлөнү, 34 миң фермерди, ишкерлерди жана жумушсуз жаштарды камтыйт.

Жыйынтыгында 2800дөй жумушчу орун пайда болот.