Жогорку Кеңеш ишин качан баштай турганы айтылды

Депутаттар жайкы эс алууга июндун биринчи аптасында кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 4-сентябрда кезектеги ишин баштай турганын парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Конституциясынын 77-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

"Өкмөттүн 2018-жылдын 28-февралындагы токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдарда, мекемелер менен ишканаларда беш күндүк иш тартибинде иштегендер үчүн 2018-жылдын 7-майындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 3-сентябрына которулган. Буга ылайык 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда VI чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Депутаттар жайкы эс алууга июндун биринчи аптасында кеткен. Sputnik Кыргызстан депутаттар эс алууга кетээр алдында парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду редакцияга чакырып, эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү, калк тарабынан айтылган сын-пикирлер боюнча кепке тарткан.