Шаршембиге карата аба ырайы

29-августта бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 29-августта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +21…+26 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +25…30 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ошто +27…+29 градуска чамалап барат.