Путиндин Тывада эс алып жүргөн видеосу жарыяланды

Өлкө башчысын коргоо министри Сергей Шойгу, Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников коштоп жүрдү.
Sputnik

Кремлдин сайтында президент Владимир Путиндин Тыва республикасында өткөн эс алуусунун видеосу жарыяланганын РИА Новости жазды.

Путин "жарым жылаңач" болуп түшкөн сүрөттөрүнө түшүндүрмө берди
Эс алууда өлкө башчысын коштоп коргоо министри Сергей Шойгу, Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, Саяно-Шушенский коругунун жетекчиси Геннадий Киселев жана республика башчысы Шолбан Кара-оол жүрдү.

Кадрларда алар тоодо сейилдеп, козу карын терип жана кайык менен кетип бара жаткандарын көрүүгө болот.

Эс алуу маалында Путин Тыва аймагындагы токойлордун сулуулугуна өзгөчө суктанганы айтылды.

Эске салсак, Путин былтыркы жылдын август айында Сибирде эки күн эс алып, суу алдында балык уулаган.