Кыргызстандын Россиядагы эң өтүмдүү азыгы белгилүү болду

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан азык-түлүктөрдү Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчакка россиялыктардын арасында суроо-талап көп экенин КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министрлигинин тамак аш коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиева "Кыргыз-орус аймактар аралык кызматташуудагы соода-экономикалык механизмдер жана гуманитардык багыт" аттуу талкууда билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Россияга экспорттолгон Кыргызстандын товарларынын көлөмү өскөн.

"Россиялыктар жашылча менен жемиштерди көп сатып алышат. Өзгөчө төө буурчак жакшы өтүп жатат. Биздин дыйкандардын негизги көйгөйү бардык продукциялардын чийки түрдө экспорттолушунда болууда. Аз гана көлөмү кайра иштетилип жатат", — деди ал.

Беккулиева кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн дагы бир көкөй кескен маселеси чыгарылган продукциянын коңшу мамлекеттердин стандартына дал келбей жатышы экенин айтты.