Кырчындагы башкы оюн-зоок канчада кантип башталары айтылды

Ушу тапта жайлоодо даярдыктар жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтчү оюн-зоок 3-сентябрь күнү саат 15.00дө башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине оюндардын башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүп жатат.

"Жолдо тыгын жаралбашы үчүн жана оюн-зоокту каалоочулардын баары көрүшү үчүн ушундай убакыт тандалды. Расмий бөлүгү жарым саатка, театрлаштырылган оюн-зооктун өзү бир саатка созулат. Аны менен катар эле этно-шаарчада жайгашкан бир нече ордо ачылып, фестиваль-сынактар өз ишин баштайт", — деди Максутов.

Көчмөндөр оюнуна карата Ысык-Көлгө кетчү жолго 11 күн чектөө коюлат. Карта
Режиссер ушу тапта Чолпон-Атадагы ат майданда экенин, бүгүн саат 14.00дө репетиция башталарын белгиледи.

"Массовкага 1600гө чукул киши катышат. Бүгүн катышуучуларды жайгаштырып, түштөндүргөндөн кийин репетиция баштайбыз. Ал эми Кырчында 25-августтан тарта каскадерлор машыгып жатат", — деди ал.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты 2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөт.