Германияда түрк президенти Эрдоганга алтындан эстелик тургузулду

Фестиваль Висбадан шаарында 23-августтан 2-сентябрга чейин уланып, "Жаман жаңылыктар" деген ураандын алдында өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын алтын айкели Германиянын Висбаден шаарында тургузулганын РИА Новости жазды.

Ага ылайык, төрт метрлик айкел шаардын чок ортосундагы аянтка өзүнүн чагымчылдык иш-аракеттери менен белгилүү болгон Wiesbaden Biennale фестивалынын алкагында коюлган.

"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
Ал эми Bild басылмасынын жазышынча, айрым кишилер эстеликтин жанында Түркиянын желегин кармап сүрөткө түшсө, Эрдоганга каршы болгондор айкелге жаман сөздөрдү жазып кеткен. Жергиликтүү полициянын өкүлдөрү бул боюнча маалымат келип түшкөнүн, андыктан ага тыкыр көз салып турарын билдирген.

Аталган фестиваль Висбаден шаарында 23-августтан 2-сентябрга чейин уланып, "Жаман жаңылыктар" деген ураандын алдында өтүп жатат.