Мэрия Эгемендик майрамы менен Билим күнүнө даярдыктар тууралуу айтты

Мэриянын тийиштүү кызматтары менен башкармалыктары алдыда боло турчу майрамдарга карата даярдыктары кандай экенин маалымдашты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов вице-мэр, шаардык кызматтардын жетекчилери жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрүп, жаңы окуу жылына болгон даярдык, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө боюнча жасалып жаткан иштер жана коопсуздук маселеси боюнча жыйын курду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш ишин качан баштай турганы айтылды
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованын айтымында, бүгүнкү күнү шаардагы мектеп жана мектепке чейинки окутуу борборлору менен алты миңден ашык мугалим ишке чыгууга даяр.

Ал эми муниципалитеттин маданият башкармалыгынын жетекчиси Эгемендүүлүк күнүнө карата борбордук "Ала-Тоо" аянты кооздолуп, даярдыктар жүрүп жатканын айтты. Андан сырткары, ар бир райондо майрамдык иш-чаралар өтө турганы маалымдады.

Өз кезегинде калаа башчысы Азиз Суракматов Билим берүү башкармалыгы жана райондук администрация менен шаардык милицияга мектептерде жашы жетелектер арасында мыйзам бузуунун алдын алууну жана мектептердеги рэкетчиликке каршы тийиштүү аракеттерди көрүүнү тапшырды.