Радио

Асангулова: дүйнөнү европалыктардын кийими менен таң калдыра албайбыз

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси жана дизайнер Айдай Асангулова кыргыз эли нукура баалуулуктарын жоготуп жибергенин айтты.
Sputnik
Асангулова: дүйнөнү европалыктардын кийими менен таң калдыра албайбыз

Дүйнөнү европалыктардын эмес, кыргыздын улуттук кийимдери менен таң калдырса болот. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, европалыктардын мыкты делген дизайнерлери да кыргыздын нукура кийимдеринен идея алып келет.

"Ааламдашуу заманында көп нерсе менен бирге эле адамдардын түшүнүгү да өзгөрүүдө. Буга карабастан улут тили, тарыхы жана маданияты менен сакталгандыктан, биз бул нерселерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Себеби көп баалуулуктарыбызды жоготуп жибергенбиз. Тамырыбызга, нукуралуулугубузга кайтып келчү убак келди. Биз дүйнөнү европалыктар ойлоп чыгарган кийимдер менен эмес, өзүбүздүн ата-бабаларыбыз кийген улуттук кийимдер менен таң калдыра алабыз. Биз тарыхты жаратабыз", — деди Асангулова.

Ал кыргыз кийимине сахнага кийчү "форма" деген ат берүү туура эместигин, форма деп кесипке байланышкан кийимдер атала турганын кошумчалады.