Россияда сегиз кыргызстандык жол кырсыгына кабылды

Учурда ооруканада үч кыргызстандык жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Санкт-Петербургга жакын жердеги "Россия" трассасында сегиз кыргызстандык жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Жүргүнчүсү бар маршрутка жеңил унаа менен кагышып кетти. Күбөнүн видеосу
Буга чейин айрым ЖМКларда Кыргызстандын номери тагылган микроавтобус жол четине чыгып кеткени боюча маалымат тараган. Учурда элчилик окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Тосно клиникалык райондор аралык ооруканасына жалпысынан сегиз адам кайрылган. Алардын бешөө кароодон кийин чыгарылган. Дагы үч кыргызстандык травматология бөлүмүндө жатат.

Элчилик жабыркагандардын толук тизмесин алуу үчүн оорукананын башкы дарыгерине арыз менен кайрылды. Ошондой эле жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдардан маалымат күтүлүүдө.