Радио

Исакова: Бишкекте баланы мектепке кабыл алууда акча сураса бизге чалгыла

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова ата-энелерди активдүү болууга чакырды.
Sputnik
Исакова: Бишкекте баланы мектепке кабыл алууда акча сураса бизге чалгыла

Бишкекте баланы кабыл алууда мектеп администрациясы акча талап кылса токтоосуз бизге чалгыла. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мектептерде балдар акысыз билим алууга укуктуу.

"Бишкек шаарында ички миграциядан улам калктын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу мектепке балдарды киргизүү көйгөйү да жаралууда. Ушундан пайдаланып ата-энелерден акча сураган мектеп администрациясы болсо, токтоосуз бизге чалгыла. Шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгынын 0 (312) 61-39-72, 0 (312) 61-00-91 номерлериндеги ишеним телефондору бар. Ооба, орундар жетишсиз болууда, бирок бул коррупцияга жол бербеши керек", — деди Исакова.

Ал ата-энелердин активдүү болуп, акча талап кылган адамдын аты-жөнүн, мектеп дарегин коркпой, так айтуусу зарылдыгын кошумчалады.