Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүп жатат. Коюлган талаптар

Акцияга 50дөй киши катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында "Мурас-Ордо" жаңы конушунун тургундары митинг уюштурушту.

1 / 4
Бишкек мэриясынын алдында "Мурас-Ордо" жаңы конушунун тургундары митинг уюштурушту
2 / 4
Аталган конуш борбор калаанын түндүк тарабында жайгашкан
3 / 4
"Мурас-Ордо" конушунун активисти Аида Тойчиева балдар окуй албай жатканын айтып нааразы болду
4 / 4
Шаар муниципалитенинин маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Аталган конуш борбор калаанын түндүк тарабында жайгашкан.

"Мурас-Ордо" конушунун активисти Аида Тойчиева балдар окуй албай жатканын айтып нааразы болду.

"Мурун Озерное айылына алып барчубуз. Бирок балдардын баарын кабыл ала бере албайт да. Канча жылдан бери биздин көйгөйгө көңл бурулушун суранып да, талап кылып да келебиз, эч кимдин иши жок", — деди ал.

Шаар муниципалитенинин маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.