Алтын колдуу дарыгер... Какиш Рыскулованын сүрөттө калган элеси

Sputnik

Кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Канттын Четинди айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Баткен жана Нарын облустарында иштеген. 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Алгачкы операциясын 25 жашында жасаган.

Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
1951-жылы ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалап, алардын сезгичтигин калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүү жана улаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү тууралуу эмгеги менен кандидаттык диссертациясын жактайт. Муну менен Кыргызстан тарыхындагы медицина жаатындагы кандидаттык диссертациясын жактаган алгачкы аял хирург катары калды. 1967-жылы дүйнөлүк медицинадагы чоң ачылыш болгон "Аритмия жана венадагы кан тамырларды, нервдерди механикалык жол менен тигүүнүн артыкчылыгы" аттуу эмгегин бүтүп, доктордук диссертациясын жактайт. 1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болот.

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

1 / 14
Какиш Рыскулова бүт өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган
2 / 14
Рыскулова эмгек жолун 1938-жылы Баткенден баштаган
3 / 14
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасы үчүн кызмат өтөгөн баалуу кадрларды тарбиялаган
4 / 14
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп кызмат өтөгөн
5 / 14
Рыскулованын шакирттеринин арасында атактуу хирургдар Акылбек Усупбаев, Сабырбек Жумабеков жана Рахатбек Оморовдор бар
6 / 14
Рыскулова онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген
7 / 14
Какиш Рыскулова эки жүздөн ашуун илимий иштердин автору
8 / 14
1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болгон
9 / 14
Какиш Рыскулова кесиптештери менен
10 / 14
Алтын колдуу дарыгер алдыбыздагы 15-октябрда жүз жашка чыкмак
11 / 14
Азыр Кыргызстандын медицинасы анын "Кандын уютуу системасы жана табигый гипоксияга карата адаптация", "Кыргызстандын медициналык географиясы" деп аталган илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет
12 / 14
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери "Даңк" жана "Манас" ордендери менен сыйланган
13 / 14
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири эле...
14 / 14
Бүт өмүрүн кесибине арнаган Рыскулованын эки кызы бар