Ошто 6 жаштагы бала электр тогуна урунуп каза болду

Бөбөк ооруканага жетпей көз жумган.
Sputnik

ОШ, 27-авг. – Sputnik. Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында 6 жаштагы бала электр тогуна урунуп каза болду. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады.

Ага ылайык, 26-август күнү кечки саат 20:00дөр чамасында 6 жаштагы бала чубалгы менен ойноп жаткан учурда кокустан электр зымын кармап алган.

Токмокто кикбокс боюнча турнирде өспүрүм каза болду. Федерация эмне дейт?
Баланын жакындары аны Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен. Бирок бөбөк ооруканага жетпей калган. Наристенин ата-энеси сөөктү медициналык экспертизадан өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Ал эми "Ошэлектр" ачык акционердик коому кырсык үй салынып жаткан жеке соктордо болгонун белгиледи. Анын маалыматында курулуш жүрүп жаткан жерде коопсуздук техникасы сакталган эмес. Бала ачык турган зымды кармап алган.