Азыктын эң эле зыяндуусу аталды

Кокос майынын эл арасына кеңири тарап кетиши өндүрүүчүлөрдүн маркетинг жаатындагы активдүүлүгү менен түшүндүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Фрайбург университетинин Онкологиялык оорулардын алдын алуу институтунун директору, Гарвард профессору Карин Михелс кокос майын "таптаза эле уу" деп атады. Анын мындай пикирин Business Insider порталына ишлтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Университетте лекция окуп жатып эпидемиолог Батышта өтө эле популярдуулукка ээ болгон кокос майы жөнүндөгү кептерди төгүнгө чыгарууга аракет кылган. Анын айтымында, азыктын 80 пайызы майдан турат, бул чочконун майынан эки эсе көптүк кылат. Окумуштуу кокос майы "жаман холестеринди" көбөйтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын тездетет деген пикирде.

Ымыркайын эмизүү энелерге канчалык пайдалуу экендиги айтылды
Михелсти башка илимпоздор да колдогон. Былтыркы жылы АКШнын жүрөк ассоциациясынын өкүлдөрү өз докладында кокос майын тамакка колдонуудан баш тартууну сунуштаган. Америкалыктардын басымдуу бөлүгү дал ушул майды көп пайдаланары анык болду.

Кокос майынын эл арасына кеңири тарап кетиши өндүрүүчүлөрдүн маркетинг жаатындагы активдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. 2015-жылы АКШда кокос майы жалпы жонунан 229 миллион долларга сатылса, Британияда акыркы төрт жылдын ичинде эле төрт эсе көп сатыла баштаган.

Ошентсе да Михелстин пикирин колдобогон адистер да бар. Өткөн жылы Индия менен Канаданын окумуштуулары 18 мамлекетте 135 миң адамды жети жыл бою иликтеген. Алар тескерисинче майлуу тамак жүрөк ооруларын басаңдатат деген билдирүү тараткан.