Жогорку Кеңештин депутаты Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөт

Катышуучулар арасында 54 жаштагы эл өкүлү экинчи келген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Тору-Айгыр жөнүндөгү уламыштагы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине чейинки аралыкты сүзүп өттү. Бул тууралуу эл өкүлүнүн уулу Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, 54 жаштагы "Бир Бол" фракциясынын депутаты жекшембиде өткөн Issyk-Kul Swim Challenge аталышындагы мелдештин катышуучулары арасында 14 чакырым аралыкты сүзүп, экинчи келди.

Спорттук иш чарада алты адам ат салышкан. Ага эки кыргызстандык жана Америка менен Казакстандын экиден жараны катышкан. Алар Кара-Талаа айылынан старт алып Тору-Айгыр айылында марага жетишкен.

Ысык-Көлдү эки өспүрүм - Зинаида менен Азрет 8 саатта сүзүп өттү. Видео
Уламыштар боюнча Бакыт аттуу жетим баланы айылдагы манап малчы кылып алат. 17 жыл мал кайтарган Бакыт таман акысына араң жан кулун алып, аны бага баштайт. Убакыт өтүп баягы кулундан күлүк чыгып, той-аштарда байгени эч кимге бербейт. Ошол учурда Бакыттын аты тору айгыр аталып, атагы ааламга кетет. Каргашалуу күндөрдүн биринде каракчылар Бакытты сабап, айгырды уурдай качат. Алар жылкыны Ысык-Көлдүн тескейине жашырып, кайтарууга алат. Жаныбар менен адам баласынын ортосунда сөз менен айткыс мээрим бар эле. Өз ээсин сагынган тору айгыр качып чыгып, каракчылардын камоосунда көлгө барып такалат. Уурулар мына эми айгырды кылтакка иле турган болгондо жылкы буйтай качат да, көлгө боюн таштайт. Туздуу суу жаныбардын терисин шылып, катуу толкунда кулагына суу кирет. Анткен менен тору айгыр Бакыт байырлаган айылдан сүзүп чыгат да, анын колунан жан берет. Убакыттын өтүшү менен жылкы өлгөн жерге адамдар отурукташып, кийин айыл болуп кеткен.