Токиодогу элчилик япон элине кыргыз тасмаларын туртууламакчы

Программага эки даректүү, эки көркөм тасма кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Токио шаарынын тургундары менен конокторуна төрт кыргыз тасмасын тартуулай турганын Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Кызыл жоолук Мадина, көңүлдөш болгон Элина. "Делбирим" киносунан 17 сүрөт
Маалыматка ылайык, фильмдер 2-3-сентябрь күндөрү көрсөтүлмөкчү. Программага эки даректүү, эки көркөм тасма кирген.

Япондуктарга Болот Шамшиевдин "Ак кеме", Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка", Арстанбек Саргалдаевдин "Ишенимдин 600 күнү" жана Гүлжан Ирештин "Хоккайдодогу Манас" тасмалары тартууланат.

Иш-чара Токидогу кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында өтөрү айтылды.