Радио

Иманалиев: театр маданиятын үйрөнүшүбүз керек

Драматург Кайрат Иманалиев театрдан эл алыстабаганын айтты.
Sputnik
Иманалиев: театр маданиятын үйрөнүшүбүз керек

Театр – бул канаттуу искусство. Мыкты чыгарма сахналаштырылган болсо ага сөзсүз көрүүчүлөр келет. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде эл театрга суусап турган чагы.

"Театр – бул канаттуу искусство. Мыкты чыгарма коюлса эл сөзсүз барат. "Театрга эл барбай калды" деген пикирге кошула албайм. Анткени биз койгон чыгармаларга зал толо көрүүчү келип, билет калбай калган учурлар болду. Ошол эле кезде театр маданиятын үйрөнүшүбүз зарыл. Кирерде телефонду өчүрүп, акырын жөтөлүп, жөнөкөй эрежелерди сактап, өзүбүздөн башка залда отургандарга тоскоолдук жаратпашыбыз керек", — деди Иманалиев.

Ал бала чагында театрды көрүүчүлөр өтө сыйлагандыгын эскерип өттү.