Радио

Жунусов: Түркияга келген мигранттардын саны жай мезгилинде кескин өсөт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Түркия мамлекетинде 30 миңден ашык кыргызстандык бар экенин айтты.
Sputnik
Жунусов: Түркияга келген мигранттардын саны жай мезгилинде кескин өсөт

Түркияга келген мигранттардын саны жай мезгилинде кескин өсөт. Бул тууралуу Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күз мезгилинин ортосунда мигранттардын 15 миңге чукулу кайра мекенине кайтат.

"Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык бар. Апрель айынан октябрга чейин мигранттардын саны кескин өсүп, андан кийин 15 миңге жакын азаят. Анткени алар Антальяга иштөө үчүн сезондо гана кетишет. Расмий маалыматтар боюнча Анкара менен Стамбулда эки жарым миңдей студент билим алууда. Алардын 530у мамлекеттик окуу жайларда стипендия алып окушса, калган эки миңдейи менчик университеттерде билимин жогорулатышууда. Мындан сырткары, Түркияда үч ай визасыз жүрүүгө мүмкүн болгондуктан, каттоого турбаган жарандарыбыз да бар", — деди элчи.

Ал визасыз жүргөндөрдүн көйгөйү көп экенин кошумчалады.