Жылмайган айылдыктар чет өлкөлүк сүрөтчүнүн көзү менен

Sputnik

Сүрөтчү Кыргызстанга өткөн айда келип, 25 күн жүрүп кеткен.

"Бул менин Кыргызстанга биринчи жолу келишим, бирок дагы бир жолу, кышында келип кетүүнү пландап жатам. Өлкөнүн кышкы сулуулугун дагы тартып алышым керек", — деп жазды ал.

Sputnik агенттиги өткөн аптада сүрөтчүнүн Кыргызстандын керемет жаратылышын чагылдырган эмгектерин жарыялаган.

Кийин белгилүү болгондой, Ватсон кооз жаратылыштан сырткары, меймандос жана жайдары кыргызстандыктарды дагы сүрөткө тартып алган экен.

1 / 10
Фотограф Кыргызстанда дээрлик бир айдай убакыт болгон
2 / 10
Эми кышкысын келип кетүүнү ойлонуп жатат
3 / 10
Өзүнүн айтымында, Кыргызстанда өткөргөн 25 күн ага жомоктогудай сезилген
4 / 10
Ал Кыргызстанга июль айында келген
5 / 10
Анын сүрөттөрүнүн каармандары — айыл тургундары
6 / 10
Фотограф жаратылышка гана эмес, кайда барса дагы жылмайып тосуп алган жергиликтүү тургундарга таң берди
7 / 10
Сүрөтчү каармандарды Ысык-Көл жана Соң-Көлгө барганда тапкан
8 / 10
Ватсон: Кыргызстандын жаратылышы кооз экенин билчүмүн. Бирок элинин мынчалык меймандос болорун күткөн эмесмин
9 / 10
Фотограф өзүнүн эмгектерин социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жүктөдү
10 / 10
Жакынкы арада ал Кыргызстанда тартылган дагы көптөгөн сүрөттөрдү жарыялоону пландап жатат.