Жээнбеков Экотехинспекциянын маалымат катчысынын кайрылуусуна көңүлүн бурду

Мурдагы маалымат катчы инспекциядагы коррупциялык иштер боюнча материалдарды берүүгө даяр экендигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, 25-август күнү президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен кезиккен.

"Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери президенттин тапшырмасынын негизинде Анара Мамбеталиева менен жолугушту. Мурдагы басма сөз катчыга расмий арыз менен кайрылуу сунушталды. Ал келе жаткан аптада арыз жазарын жана коррупциялык иштер боюнча материалдарды берерин билдирди", — деди Стамалиева.

Эске сала кетсек, буга чейин Мамбеталиева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, экотехинспекциянын бир катар кызматкерлерин коррупцияга айыптаган.