Жээнбеков: КР Борбор Азияда суу-энергетикалык маселелерди талкуулоого ачык

КР президенти Түркмөнстандагы саммитте Аралды сактоо боюнча эл аралык фондусунун ишин реформалоодо жылыш болбой жаткандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Аралды сактоо фондусунун ишинде жылыш жок болгону менен аны ар тараптуу реформалай алабыз деп терең ишенем. Максатыбыз — Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу менен фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. Бул туурасында Жээнбеков Түркмөнстанда айткандыгын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Түркмөнстандын Аваза шаарында Аралды сактоо фондусун негиздеген мамлекет башчыларынын саммити өттү. Ага президент Жээнбеков ардактуу конок катары катышты.

1 / 5
Аралды сактоо фондусунун ишинде жылыш жок болгону менен аны ар тараптуу реформалай алабыз деп терең ишенем.
2 / 5
Максатыбыз — Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу менен фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
3 / 5
Эске салсак, Түркмөнстандын Аваза шаарында Аралды сактоо фондусун негиздеген мамлекет башчыларынын саммити өттү.
4 / 5
Ага президент Жээнбеков ардактуу конок катары катышты.
5 / 5
Саммитте фондду уюштуруучу мамлекеттеринин башчылары — Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болду.

Саммитте фондду уюштуруучу мамлекеттеринин башчылары — Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болду.

"Кыргызстан быйыл март айында Астана шаарында кайра жанданган Борбор Азиядагы саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоону колдойт. Сиздерге белгилүү болгондой, 2016-жылы Кыргызстан фондунун ишмердигине катышууну токтото туруу чечимин кабыл алган. Бул чечимге Аралды сактоо эл аралык фондусун терең реформалоо зарылчылыгы түрткү болгон", — деген Жээнбеков.

2009-жылы Борбор Азиянын мамлекет башчылары фондунун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Жээнбековдун Түркмөнстанга сапары: кол коюлган документтердин артыкчылыгы
"Тилекке каршы, бул маселеде жылыш жок экендигин байкап жатабыз. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан Аралды сактоо эл аралык фондусунун уюштуруучу мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу тууралуу сунушка ыраазы. Бүгүн мен саммиттин жүрүшүндө Аралды сактоо боюнча эл аралык фондусунун жана анын органдарынын ишмердиги боюнча Кыргызстандын позициясы тууралуу кеңири айттым. Биз биргеликте Аралды сактоо эл аралык фондун ар тараптуу реформалай алабыз деп терең ишенем. Аралды сактоодогу биздин максатыбыз — Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу менен фонд ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу деп ойлойм",— деди Жээнбеков.

Кыргыз тарап ардактуу мейман катары саммиттин жыйынтыктоочу документи — Биргелешкен коммюникени кароого жана кабыл алууга катышкан жок.