Төмөндө Кыргызстандын президенттери менен өкмөт башчыларынын бир катарларынын сүрөттөрүн окурмандарга тартуулайбыз.
Аскар Акаевдин политехникалык институтта сабак берип жүргөн учуру. 1977-жыл.
Сүрөттүн алдына жазылган пикирлерге караганда, ирмем 1977-жылы тартылган экен. Анда тунгуч президент Фрунзедеги политехникалык институтта сабак берип жүргөн. Сүрөттү кесиптеши Александр Гофман жүктөгөн.
Акаев Кыргызстандын тунгуч президенти, бийликте 1990-2005-жылдары турган. Кыргызстандагы саясий окуялардан кийин Россияга чыгып кеткен, учурда Москва шаарында жашайт.
Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаевдин 1977-жылы тартылган сүрөтү. Москва шаары
Бул ирмемди өткөн жылы экс-президенттин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев социалдык тармакка чыгарган.
Сооронбай Жээнбековдун студенттик учуру, комсомолдук курагы. 1970-жылдын аягы, 1980-жылдын башы.
Жээнбеков он бир туугандын алтынчысы. Эмгек жолун мугалим жана зоотехник болуудан баштаган. Бала кезден токтоо, жоопкерчиликтүү болгонун классташтары, достору айтып берген жайы бар. Анын балалыгы, жаштыгы, үй-бүлөсү тууралуу атайын сүрөт түрмөктөн жакындан таанышсаңыз болот.
Сооронбай Жээнбеков – Кыргызстандын бешинчи президенти. 2017-жылы өлкө башчы болуп шайланган
Коомдук жана мамлекетик ишмер Феликс Кулов. Жаш лейтенант.
Кулов ички иштер органында 30 жылга чукул иштеген. Андан кийинки экс-милиционерге эл башкаруу шыбагасы туура келген. Кулов бийликтеги үзөңгүлөштөрү туурасында алды-кийин эскерүүлөрдү айта жүрөт.
Кулов 1992-1993-жылдары вице-президент, ал эми 2005-2007-жылдары премьер-министр болгон.
Өмүрбек Бабановдун өспүрүм кезиндеги сүрөтү.
Ал атасы, энеси болуп түшкөн үчөөнүн сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырып, атасы тууралуу эскерүү жазып, "Ата, Сизге чоң рахмат!" деп бүтүргөн. Атасы — Токтогул Бабанов "Россия" атындагы миллионер-колхоздо 20 жыл башкарма болуп иштеген.
Коомдук ишмер, ишкер, саясатчы жана мамлекеттик ишмер Өмүрбек Бабанов ага карата козголгон кылмыш ишинен кийин учурда өлкөнүн сыртында баш калкалап жүрөт.
Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министр болуп иштеген.
Сапар Исаковдун студент кездеги учуру. Сүрөт 2002-жылы тартылган экен.
Социалдык тармакка коюлган бул сүрөттүн алдына "2002-жыл, Солдон экинчи Сапар Исаков. Ал өзүнүн студенттик командасы менен турат", — деп жазылган.
Учурда өкмөт башчысы коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагында отурат. Исаков өзүнүн башка кесиптештери сымал эле премьер-министрлик кызматта көпкө турган жок.
Сапар Исаков кыргыз өкмөтүн 2017-2018-жылдары башкарган.