БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Маслова жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис алса, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды.
Ушуну менен жөө күлүк улуттук курама команданын капчыгына экинчи алтын медалды камсыздап жатат. Кечээ жиу-житсу боюнча Төрөхан Багынбай уулу чемпион болгон.
Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 11ге жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынган.