Актер Стивен Сигалдын Россияда эмнеге ишкана ачкандыгы белгилүү болду

Учурда Сигал өзү жашаган Подмосковьедеги Электросталь шаарындагы федералдык салык кызматына арыз бергендиги айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Актёр Стивен Сигал Россияда ишкана ачып, бизнесмен катары каттоодон өттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Актер убактысынын көбүн Россияда өткөргөндүктөн ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну чечкендигин артисттин өкүлү Анар Рейбанд билдирген.

Маалыматта Сигал Подмосковьедеги Электросталь шаарындагы федералдык салык кызматына арыз бергендиги айтылган.

"Сигал мырза жашоосунун 70-80 пайызын Россияда өткөрөт. Ишин тынчыраак улантып жана кандайдыр бир салыктык базасы болушу үчүн ишкана каттатууну чечти. Россиянын жарандыгын алган башка чет элдиктер сыяктуу анын артынан сот приставдарынын чуркап жүрүүсүн каалаган жок", — деп айткан Рейбанд.

Стивен Сигал болочок милиционерлерге күч органдарында кантип иштегенин айтып берди
Ал Сигалдын Россияда бир нече кинолорго тартылгандыгын жана алдыда бир катар чыгармачыл пландар бар экендигин кошумчалаган.

"Мындан сырткары, Сигал сонун музыкант, бир нече блюз альбомдорун жазып бүттү, кезекте жаңылары да турат", — деген анын өкүлү.

Азырынча Голливуд жылдызынын Россияда салыктын жалпы же кыскартылган түрүн төлөрү, болбосо патент менен иш алып барары айтыла элек.

Голливуд актеру Стивен Сигал 2017-жылы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарына колуна калкан кармап, жасалма булгарыдан соот кийип ак боз атчан чыгып парадды ачкан.