БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Дүйнөдө кайсы кроссоверлер көп сатылганын "Автостат" агенттигинин эксперттери аныктап чыккан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Биринчи орунга Toyota RAV4 автоунаасы чыккан. Быйыл жылдын алты айында 408,7 миң машина сатылган.
Экинчи орунга 405,1 даанасы сатылып, Volkswagen Tiguan автокөлүгү чыккан. Үчүнчү сапка Honda CR-V келген. Жарым жылда мындай темир тулпардын 337,8 миңи сатылган. Адистер төртүнчү орунда Hyundai Tucson турганын аныктап чыгышты. Алты айда мындай үлгүдөгү автоунаанын 279,2 миңи элдин колуна кеткен. Сатык боюнча бешинчи орунду Nissan Qashqai ээледи. Маалыматтарга таянсак, жарым жылда 272,1 даанасы соодаланыптыр.
Булардан тышкары биринчи ондукка Mazda CX-5, Nissan Rogue, KIA Sportage, Haval H6 жана Chevrolet Equinox автоунаалары кирген.