Тез жардам Ысык-Көлдө кырсыкка кабылып, 5 адам жарадар болду. Сүрөт

Тез жардам автоунаасынын ичинде кетип бара жаткан оорулуу адам да жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылында Тез жардам унаасын арттан келген минивэн сүзүп, ичиндегилер жаракат алган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

1 / 4
Ысык-Көлдүн Бостери айылында Тез жардам унаасын арттан келген минивэн сүзүп, ичиндегилер жаракат алган.
2 / 4
Жол кырсык түштө, болжол менен 14.30дарда болуп, анын кесепетинен беш киши жаракат алган.
3 / 4
Алардын бири Тез жардам алып бара жаткан оорулуу, медициналык эки кызматкер жана айдоочу экендиги айтылды.
4 / 4
Арттан келип сүзгөн минивэндин рулунда отурган кишинин өзү да жабыркаган.

Анын айтымында, жол кырсык түштө, болжол менен 14.30дарда болуп, анын кесепетинен беш киши жаракат алган. Алардын бири Тез жардам алып бара жаткан оорулуу, медициналык эки кызматкер жана айдоочу экендиги айтылды. Арттан келип сүзгөн минивэндин рулунда отурган кишинин өзү да жабыркаган. Беш киши тең Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилда.

Чогултулган материалдарды тергөө кызматына берилген.