Ымыркайын эмизүү энелерге канчалык пайдалуу экендиги айтылды

Анда изилдөөчүлөр 80 миңдей кош бойлуу келиндин саламаттыгына көз салган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ымыркайды эмизүү инсульт жана башка кан айлануу системасындагы оорулардан жабыркап калуу тобокелчилигин төмөндөтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги JAHA журналына шилтеме кылып жазып чыкты.

Эмчек эмбеген балдардын эмне кемчили болору айтылды
Маалыматка ылайык, изилдөөчүлөр АКШда акыркы 20 жылда 80 миңдей кош бойлуу келинге көз салып, эмизүү алардын саламаттыгына канчалык деңгээлде өз таасирин бере тургандыгын такташкан.

Жыйынтыгында ымыркайды кеминде алты ай эмизген энелер инсульт, баштын кан айлануу ооруларына сейрек кабыла турганы аныкталган.

Буга чейин башка изилдөөчүлөр да баланы алты ай бою эмизүү энелерди кант диабети, эмчек рагы жана башка залалдуу шишиктерден оолак болууга жардам бере тургандыгы белгилүү болгон.