Москванын чок ортосунда полицияга ок аткан киши камерага түшүп калган

Кылмышкер дагы ок жеп учурда ооруканада жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Москвада бейтааныш адам эч себеби жок эле эки полиция кызматкерине ок чыгарган. 

Нападение на полицейских в Москве. Кадры с камеры наблюдения

Окуя Москванын чок ортосундагы Сивцев Аражев туюк көчөсүндө кечке жуук болгон. Кол салуунун кесепетинен укук коргоочулардын бири жаракат алганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Өлкөнүн түндүгүн түшүрүү. XXI кылымдагы президенттерге кол салуулар
Кылмышкер дагы ок жегендиктен ооруканага жаткырылып, операция жасалган. Кийин ал өзүнө келбей көз жумганы маалымдалды. Ал эми полиция кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу экени айтылды.

Ошондой эле кол салган киши 31 жаштагы Кабардино-Балкария республикасынын жараны экени маалым болду. Ал эмне себептен ок чыгарганы азырынча белгисиз.

Аталган факты боюнча "укук коргоочулардын өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.