"Азия MIX" Сочиде КВНдин жайкы кубогун жеңип алды

Жайкы кубок жыл сайын КВНдин жогорку лигасынын чемпиондорунун арасында өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектин "Азия MIX" командасы Сочиде (Россия) өткөн КВНдин жайкы кубогунун жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу топтун катышуучусу Марат Жуманалиев (Маратик) өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жарыялады.

"Жайкы кубоктон биринчи орун", — деп жазды ал.

Жайкы кубок жыл сайын КВНдин жогорку лигасынын чемпиондорунун арасында өткөрүлөт. Баш байге үчүн өткөн сезондун чемпиондору — казактардын "Спарта Номад" командасы менен 2016-жылы КВНдин жогорку лигасын жеңген "Азия MIX" ат салышты.

Эрежеге ылайык, ар бир команда кубокко катышуу үчүн башка командадагы досторун чакырат. Кыргызстандык кавээнчилер менен сахнага "Русская дорога", АГПУ (Армавир), ал эми казакстандыктар менен "Радио Свобода" чыкты.

Маалыматка караганда, оюн Россиянын Биринчи каналынан күз айларында көрсөтүлөт.