БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Forbes журналы эң бай актерлордун рейтингин жарыялады. Анын сап башына эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган Жордж Клуни чыкты.
Тизме шаршемби күнү басылманын расмий сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, америкалык актер 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын июнуна чейин 239 миллион тапкан. Кирешенин басымдуу бөлүгү өзүнүн Casamigos Tequila аталышындагы текила чыгарган компаниясын сатканда түшкөн. Ал ишкананы баалап сатуу иши миллиард долларга чейин жеткен.
Алдыңкы үчтүктү кичүү Роберт Дауни толуктады. Анын бир жылдык кирешеси 81 миллион долларга жетип, олчойгон каражат "Өч алуучулар: Чексиздиктин согушу" фильминен түшкөн.
Ал эми Крис Хемсворт 64,5 миллион долларлык көрсөткүчү менен рейтингде төртүнчү болсо, бешинчи орунду өткөн жылы алты тасмага тартылып 45,5 миллион доллар тапкан Жеки Чан алды.
Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат актрисалардын тизмеси менен Sputnik агенттигинин материалынан таанышыңыз.