Ноокатта пара алып жаткан жеринен айылдык кеңештин депутаты кармалды. Видео

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ош облусунун Ноокат районунун Он эки-Бел айыл өкмөтүнүн депутаты менен жер боюнча адисин колго түшүрдү.
Sputnik

Бишкекте пара алып жаткан салыкчынын кылтакка илинген видеосу
Финансы полициясынын маалымат кызматы кабарлагандай, мекеменин аймактык бөлүмүнө М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал андан Он эки-Бел айылындагы депутат менен жер боюнча адиси 80 миң сом талап кылып жаткандыгын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренеси (Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр кызматтык кабинетинде 17-августта 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал эми 19-август күнү Ош шаарындагы тергөө абагына иликтөөнүн соңуна чейин камалган. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.