Дүйнө жүзүндөгү эң кооз 12 мечит. Сүрөттөр

Sputnik

Мечиттерге мусулмандар негизинен жума күнү жана диний майрамдарда көп чогулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөдөгү кооз мечиттердин сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

1 / 12
Аль-Харам мечити Мекке шаарындагы Каабанын короосунда жайгашкан. Ал дүйнө элине 1570-жылдан бери тааныш.
2 / 12
Кипрдеги Лала Мустафа-паша мечити мурун Ыйык Николай чоң чиркөөсү деп аталчу. Ал XIV кылымда курулган.
3 / 12
Омандагы эң негизги Султан Кабус мечити. Аны куруу иштери 1995-жылы башталып алты жылга созулган
4 / 12
Япониянын борборундагы эң чоң Токио мечити. Ага 1200 адам батат
5 / 12
Испаниянын Андалусиясындагы Кордова чоң мечити. Ал орто кылымдарда чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунда турчу. Азыр ал чиркөө катары колдонулуп келет.
6 / 12
Күлгүн түстөгү мечит 2014-жылы Филиппинде салынган. Долбоордун авторлорунун пикиринде, күлгүн түс тынчтыкты, сүйүүнү жана түшүнүшүүнүнүн символу.
7 / 12
Москва чоң мечити дүйнөдөгү таанымал курулуштардын бири. Анын биринчи имараты 1904-жылы салынып, 2011-жылы түрттүрүлгөн. Ал эми 2015-жылы кайра жаңы салынып колдонууга берилген. Ага бир эле маалда 10 миңге чейин адам кире алат.
8 / 12
Ирандагы Шах-Черах мечити XIV кылымда салынган. Ал жер шиит агымындагылардын зыярат кыла турган жайына айланган.
9 / 12
Татарстандагы борбордук Кул Шариф мечитинин курулушу 1996-жылы башталган. Ага 10 миңге чейин мусулман батат.
10 / 12
Малайзиянын борборунан 20 чакырым алыс жайгашкан суу сактагычтын жанындагы Путра мечити. 1999-жылы салынган, мечитке 15 миңге чейин адам батат.
11 / 12
Пакистандагы Вазир-хан мечити XVII кылымда моголдордун императору Шах Жахан башкарып турган маалда курулган.
12 / 12
Азыркы Санкт-Петербург шаарынын аймагына мечит куруу маселеси биринчи жолу 1882-жылы көтөрүлгөн. Ошол учурдагы мусулмандардын жетекчиси Тевкелев ички иштер министри Толстойго уруксат сурап кайрылып оң жооп ала алган. Ал мечитке 5 миңге чейин адам жайгаша алат.