Көл жээгиндеги пансионаттардын пляждарында зонтторду ижарага берип иштеген тестиерлерди билесиз да. Жээкке жакындап калган жерден тосуп алып, товарын өткөрмөйүнчө жандары тынбайт. "Сиз үчүн эң чоң зонтту эң арзан кылып берем" деп тыпылдап атып, тилиңди таап алгандары жагат.
Бир күнү түшкү тамактан келсек зонтубуз ордунда жок. Ары карап, бери карап Чыңгызды издеп жөнөдүм. Адатта турчу жерине барсам, ордунда башка бала. "Чыңгыз берген зонт жок, өзү кайда?" десем, "Эже, аны билбейм, тээтиги дүкөндүн жанына барсаңыз, анын абасы турат. Дароо эле аңкылдаңыз. Кеп-сөзгө келбей, милиция чакырам деп тажаалдансаңыз, зонтту ордуна коюп берет. Болбосо ала албайсыз" десе болобу.
Ошентип агасын издеп барып, ошол эле жерде Чыңгызды дагы таптым. Мени менен катар дагы бир эс алуучу зонтун издеп барыптыр. Экөөбүздү көргөн агасы биздин көзүбүзчө Чыңгызды башка бир чаап калды. Ал байкуш кумга отура калып "кайсынысы кайда экенин өзүм да билбей калды-ы-ым…" деп ыйлап жиберди.
Тиги бала кеңеш бергендей, аңкылдаган деле эмесмин. Бирок агасы чаап ийгенин көрүп, жаман болуп кеттим. Колунан тартып тургузуп, ары жакта турган он чакты зонттун бирин карматып, "жүрү эми, бизге кайра орнотуп бер" деп ээрчитип жөнөдүм. Жолдо келатып "Ар бир зонтуңа номер коюп алып, берериң менен кимге, канча саатка бергениңди жазып алып иштебейсиңби, өзүңө ыңгайлуу болот да" десем, "Эже, бизде эч ким антпейт. Кайсы зонт бошой калса эле, акчасы кечке чейин төлөнгөнүнө карабай, алып кетип калышат" дейт.
Туугандар, туризмди өнүктүрсөк жыргайт элек, куунайт элек деп какшап келебиз. Анда эмнеге конокторду кыйкыртып-өкүртүп, милиция чакырганга чейин жеткиребиз? Меймандос болууну ар бирибиз өзүбүздөн баштабайлыбы?
Жеринде коноктор менен түздөн-түз иштеген адамдар тартипке келмейинче мамлекет канча аракет кылса деле жыйынтык чыкпаса керек.
Андыктан, ар бирибиз өзүбүздү, балдарыбызды тарбиялай билсек. Үй-бүлөдө "кылган кызматыңа так бол, чын дилиң менен иште, ичкен ашыңды акта" деген насааттар балага сөзсүз оң таасир этип, өмүр бою эсинде калары талашсыз.