Радио

Турдубеков: Туризм министрлигин түзүү керек

"Чаарат Заав" ЖАКтын директорлор кеңешинин жетекчисинин кеңешчиси, серепчи Улукбек Турдубеков өлкөнү өнүктүрүүнүн кыска жолу туризмге олуттуу көңүл буруу экндигин айтты.
Sputnik
Турдубеков: Туризм министрлигин түзүү керек

Туризм министрлигин түзүү керек. Бир министрликке караган департамент менен бул багытты көтөрүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин Улукбек Турдубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөнү кыдырганды жактырган атактуу туристтер Кыргызстанда туризм жааты колго алынбаганына таң калышат.

"Биз агро өлкөбүз дейбиз, бирок эч убакта айыл чарба аркылуу мамлекет бюджетин көрүнүктүү деңгээлде көтөрүп кете албайт. Кыргызстандын туризм тармагында эң чоң потенциалы бар. Муну четке какпай эле, ар шылтоону айтып коркпой эле өнүктүрүүгө киришиш керек. Ал үчүн министрлик түзүү зарыл. Учурда Туризм департаменти бар, анын жылдык бюджети 6 миллион сом. Эмгек акы жана башка чыгымдарына 4 миллион коросо, демек биз туризмди өнүктүрүү үчүн жылына 2 миллион сом бөлүп жатыптырбыз. Мындай көрүнүш менен кантип туристтик өлкөгө айлана алмак элек?" — деди Турдубеков.

Ал учурда туризм жаатында Өзбекстан Кыргызстанга атаандаштык түзө аларын жана кошуна мамлекет бул тармакты эмитен колго алганын кошумчалады.