Пресс-борбор

Мамкурулуш: Кыргызстанда быйыл жаңы мектеп куруунун зарылчылыгы жок

Адистин айтымында, алгач эски мектептерди оңдоп чыгуу кажет.
Sputnik

БИШКЕК, 23 авг — Sputnik. Жаңы мектептерди салууга мораторий киргизүү зарыл. Мындай сунушту Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Чолпон Сагынова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандын мектептериндеги орундун тартыштыгы. Маселе кантип чечилет?" аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөдү.

Сагынованын айтымында, алгач эски мектептерди оңдоп чыгуу керек.

"Алты жыл мурун Кыргызстанда 220 мектеп изилденип, алардын 80 пайызы өзүнүн эксплуатациялык мөөнөтүн өтөп бүткөндүгү белгилүү болгон. Ар бир мектепти тыкыр карап чыгуубуз керек, ага 300 миң сом каражат кетет. Анан эксперттик корутундудан кийин гана биз аны түрттүрүү керек же оңдоо зарыл деп айта алабыз", — деди Сагынова.

Ошондой эле ал жаңы мектептерди курганга чейин мурун башталган иштерди аяктоо керек экендигин кошумчалады.