Ошто мечит өрттөнүп, ичиндеги эки адам каза болду

Өрт тууралуу бүгүн эртең менен саат 7.15те чакыруу түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында мечит өрттөнүп, ичинен эки адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

1 / 3
Ош облусунун Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында мечит өрттөнүп, ичинен эки адамдын сөөгү табылды.
2 / 3
Бул туурасында ӨКМден билдиришти
3 / 3
Өрт тууралуу бүгүн, 23-августта, эртең менен саат 7.15те чакыруу түшкөн.

Сузакта мечиттен өрт чыкты. Жеринен алынган сүрөттөр
Өрт тууралуу бүгүн, 23-августта, эртең менен саат 7.15те чакыруу түшкөн. Аталган жайга эки өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. Жалын саат 7.50дө чектөөгө алынганы айтылды.

Мечиттин ичинен эки эркек адамдын сөөгү табылган. Учурда алардын тек-жайы такталууда.

Өрттү толугу менен өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.