Газ баллон жарылып эне-бала мерт болгон. Оштогу намазканадагы өрттүн чоо-жайы

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы аял жана анын тогуз жаштагы уулу каза болду.
Sputnik

ОШ, 23-авг. – Sputnik. Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында ашканадан чыккан өрт намазканага жармашкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Адилбек Мурзаев билдирди.

1 / 3
Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында ашканадан чыккан өрт намазканага жармашкан
2 / 3
ӨКМдин маалымат кызматы бүгүн эртең менен саат 7.15де мечит өрттөнүп, ал жерден эки адамдын сөөгү табылганын кабарлаган.
3 / 3
Өрт толугу саат 9.28де өчүрүлгөн

ӨКМдин маалымат кызматы бүгүн эртең менен саат 7.15де мечит өрттөнүп, ал жерден эки адамдын сөөгү табылганын кабарлаган. Өрт толугу саат 9.28де өчүрүлгөн.

Мурзаевдин айтымында, өрт чыккан ашканада каза тапкандар эне-бала болчу. Энеси Ош — Араван унаа жолунун боюнда жайгашкан чакан ашканада иштечү.

"Келин эртең менен ашканада пирожки бышырып жаткан мезгилде газ баллон жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы аял жана анын тогуз жаштагы уулу каза болду. Ашканадан чыккан өрт жанаша жайгашкан намазканага да өткөн. Учурда эне-баланын сөөгүн Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө алып кетишти", — деди Мурзаев.

Ошондой эле ал маркум жалгыз бой экенин айтып, өрт чыккан ашкана анын атасына таандык болгонун кошумчалады.